Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео

Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин финалына чыкты. Маалыматты менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Эми Гран-принин финалы Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн.
Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип утту. Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
Бир катар жергиликтүү спорттук пабликтер беттештин кыскача видеосун жарыялашты. 
"Кыргыз Флойду" Самат кезектеги атаандашы менен жолукту
Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталган болчу.