БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кечээ, 12-июнь күнү, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунан кабарлашты.
"Мындан улам футболчу биринчи каттам менен мекенине учуп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Бегилей кетсек, улуттук команда дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Осака шаарында мелдештерге катышып жүргөн. Буга чейин эки оюн көрсөткөн команданын алдыда дагы бир оюну бар. Кыргызстандык футболчулар 15-июнь күнү Япониянын курама командасы менен беттешет.