Жалал-Абаддагы үрөй учурган жол кырсык. Маркумдардын аты-жөнү такталды

Сатыбалдиева кырсыктан алты эмес жети киши набыт болгонун билдирди. Анын айтымында, маркумдардын сөөгү Ноокен райондук ооруканасынын моргуна жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында болгон жол кырсыгында каза болгон жети адамдын экөөсүнүн өздүгү тактала элек. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
1 / 3
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында болгон жол кырсыгында каза болгон жети адамдын экөөсүнүн өздүгү тактала элек
2 / 3
Эске салсак, бүгүн, 12-июнда, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышып, кырсыктан алты адам каза болгону кабарланган
3 / 3
Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 495-чакырымында Жалал-Абаддын Ууру-Жар айылынын тушунда болгон
Эске салсак, бүгүн, 12-июнда, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышып, кырсыктан алты адам каза болгону кабарланган. Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 495-чакырымында Жалал-Абаддын Ууру-Жар айылынын тушунда болгон.
Сатыбалдиева кырсыктан алты эмес жети киши набыт болгонун билдирди. Анын айтымында, маркумдардын сөөгү Ноокен райондук ооруканасынын моргуна жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Набыт болгондор:
Жайылда жолтандабас менен жеңил унаа кагышып, бир адам мерт болду. Сүрөт
Жеңил унаанын 26 жаштагы Б.К. аттуу айдоочусу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Өзбекстандын Наманган облусунун Үч-Коргон районунун Кучай айылынын 34 жаштагы жашоочусу, жеңил унаанын жүргүнчүсү ошол эле оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.