Жалал-Абадда Odyssey жүк ташуучу унаа менен кагышып, 6 адам мүрт кетти. Видео

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 495-чакырымында Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Ууру-Жар айылынын тушунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышып, кырсыктан алты адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 495-чакырымында Жалал-Абаддын Ууру-Жар айылынын тушунда болгон.
Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
"Жол кырсыгынан алты киши мерт болуп, эки адам жабыркаган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышкан", —деп айтылат маалыматта.
ӨКМ өкүлдөрү каза болгондордун сөөгүн ИИМге, ал эми жабыркаган адамдарды Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.