БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Акматбек Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадионунун жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасынын директору болуп Улан Алымканов дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Жаңы жетекчини вице-мэр Эмил Шадыханов стадиондун жамаатына жана клубдун футболчуларына тааныштырып, алдыдагы беттештерге ийгилик каалаганы айтылат.
"Ош шаарынын мэринин тапшырмасы — футболду өнүктүрүү. Футболчулар менен жетекчилик тыгыз иштешип, ийгилик жаратышы керек. Стадиондо бир гана футбол эмес, башка спорттун түрлөрүн да уюштуруп тургула. Стадиондун шарты бир топ жакшыртылган", — деди вице-мэр.
Ошондой эле ал эң негизгиси "Алай" футбол клубу алдыга койгон максаттарга жетип, тарбияланып жаткан жаш балдардын машыгууларына да өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгилеген.