Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.
Sputnik
Англия чемпионатындагы дарбазачылардын мыкты "сейвдери". Видео
Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.
Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.