Таптакыр башка... Путин Байден Трамптан эмнеси менен айырмаланарын айтты

Путин АКШнын азыркы президенти мурункусунан айырмаланып, бүт тепкичти басып өткөн саясатчы экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин NBC телеканалына берген маегинде АКШнын азыркы лидери Жо Байден мурунку президент Дональд Трамптан таптакыр айырмаланып турарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Байден менен Путин Женевада эмнени талкуулайт. Мамдепартаменттин маалыматы
Ошондой эле Путин Байден менен андан мурунку президент Трампты салыштырып жатып, "ал таптакыр башка адам, мунун артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Бирок мен азыркы президент кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарды жасап жибербейт деп үмүт артам" деген пикирин билдирген.