Бир суткада 619 кишиден коронавирус табылды. Оору Ошто күч алууда

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан беш бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 619 кишиден катталып, 296 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, оору учурда Ош шаарында күч алууда.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 109 812ге жетти. Анын ичинен 102 314ү дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан беш бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 881 адамдын өмүрүн алды. Стационарларда 1 949 адам дарыланып жатат. Анын ичинде 585и оор абалда болсо, 90 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.