Радио

Исмаилов: эптеп эле эл оозуна илиништи каалагандар көбөйдү

Куудул, актёр, вайнер Азамат Исмаилов хайптын көбөйүшү коомду руханий ачарчылыкка кептеши мүмкүн деген пикирин билдирди.
Sputnik
Жасаган продукцияң элге жакшы жайылбай, интернетте көрүүчүң аз болуп калганда хайп жасап жибергиң келет. Бирок кийинкиңди ойлойсуң. Максатың эптеп эле элге таанылуу эмес, талантың менен коомго салым кошуу болгон соң, сапаттуу, пайдалуу иш жасагың келет. Мындай пикирин Азамат Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өз чыгармачылыгында элге көбүрөөк таанылууну эмес, ата-эне, бала-чакасы көргөндө уялбай тургандай нерселерди даярдоого аракет кылат.
"Социалдык тармактардын өнүгүүсү менен интернет дагы кубаттуулугун жогорулатты. Мурдагыдай элди бир нерсеге таң калтырып, көңүл бурдуруу кыйынга туруп калды. Андыктан атак-даңкты эңсегендер ар кандай жол менен элдин көңүлүн бурууга тырышып келишет. Аларды көрүүчүлөр шылдыңдап жатса деле таанылып жатканына маашырланып, ошол учурдан пайдаланып жарнамалык иштер менен кызматташып, убактылуу каражат таап алуу мүмкүнчүлүгүн колдонгондор бар. Бирок бул тенденцияны кадимки көрүнүш катары карап койбой, олуттуу көңүл буруу зарыл. Улуттук идеологиясы жок өлкөдө хайп коомго коркунуч жаратып, руханий ачарчылыкка кептеши ыктымал", — деди Исмаилов.
Актёр өзгөчө жаштарды келечектүү, пайдалуу видеоконтенттерге багыттоо зарылдыгын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: