Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды

11 жылдын аралыгында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси жасалма документтердин негизинде берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Баткен шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, экс-мэр баштаган бир катар кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.
"Баткен шаарынын мурдагы мэри С.С. жасалма токтом менен бир жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейин берип турган. Ошол эле учурда Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.К. ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде тиешелүү документтердин аткарылышы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Н.Б. тарабынан жүргүзүлүп, ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Баткен шаарынын тургундары С.Ж. жана У. Д. ортомчу болуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60-100 миң сомдон алып турушканы айтылат.
Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аты аталган кызматкерлер менен ортомчулар кармалып, Баткен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатат.
УКМК бүгүнкү күндө Баткенде бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомдун тегерегинде экенин белгилейт.