БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтчү Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу кыргызстандык оор атлетчилер федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарында.
"Машыктыруучу Өмүржан Молдодосовго, оор атлеттер курама командасынын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиевге Бакдөөлөт менен башынан бирге болуп, Олимпиадага даярдаганына ыраазычылык билдирем. Алар бирге узак жолду басышты", — деп жазган Молдодосов.
Ал кыргызстандык спортчуга ийгилик каалап, Олимпиададан алтын алышына тилектеш экенин билдирген.