Бишкекте аялдын унаасын айдап качкандар кармалды. Сүрөт

Уурдалган автоунаа Чүй облусунун Сокулук районунан табылып, ээсине кайтарылып берилген. Учурда кармалгандар №1 тергөө абагында.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкекте аялдын автоунаасын айдап качкан деген шек менен 22 жана 23 жаштагы жарандар кармалып, эки айга камалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Бишкекте аялдын автоунаасын айдап качкан деген шек менен 22 жана 23 жаштагы жарандар кармалып, эки айга камалды
2 / 2
Ага ылайык, 2-июнь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына У.М. аттуу аял кайрылып, автоунаасын уурдап кеткен адамдарды таап берүүнү өтүнгөн
Ага ылайык, 2-июнь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына У.М. аттуу аял кайрылып, автоунаасын уурдап кеткен адамдарды таап берүүнү өтүнгөн. Аялдын айтымында, 1-июндан 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан белгисиз адамдар Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны айдап кетип из жашырган.
Аталган факт Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автотранспортту айдап качуу") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Издөө иштеринин натыйжасында Ленин райондук милициянын өкүлдөрү 22 жана 23 жаштагы жарандарды кармады. Колго түшкөндөр тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Кийин Ленин райондук соту шектүүлөрдү эки айга №1 тергөө абагына камоо боюнча бөгөт чарасын тандаган. Ал эми уурдалган автоунаа Чүй облусунун Сокулук районунан табылып, ээсине кайтарылып берилген.