Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү

Sputnik

Садыр Жапаров Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитинде биринчи канайым Айгүл Жапарова менен
Жубайы менен барган биринчи өлкө. Жапаровдун Түркиядагы сапарынан сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан агенттиги канайымдын сапардагы эл суктанган сүрөттөрүн тартуулайт.

Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына 9-июнда барды. Өлкө башчыны Түркияга бир катар министрлер жана жубайы Айгүл Жапарова коштоп барган. Иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекендештер менен жолукту.