Байден менен Путин Женевада эмнени талкуулайт. Мамдепартаменттин маалыматы

Президенттер Владимир Путин менен Жозеф Байден Женева шаарында өтчү саммиттин алкагында 12-июнда жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Женевадагы жолугушууда адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулайт. Бул туурасында РИА Новости Мамдепартаменттин өкүлү Нед Прайска шилтеме кылып жазды. 
Владимир Путин менен Жозеф Байден Женевада 12-июнда жолугат.
"Саммиттин учурунда жалпысынан адам укуктары, кармалган адамдар, мунун ичинен Навальный, анан албетте, өзүнүн үйүнө келиши керек болгон, мыйзамсыз камалган америкалыктардын маселеси туурасында сөз болорунан шек санабайм", — деген Прайс.
Анын айтымына караганда, "Москванын америкалыктарды, өнөктөштөрдү, союздаштарды коркутуу боюнча жасап жаткан кадамдарына АКШнын тынчсыздануусу президенттер Байден менен Путин сүйлөшүүнүн күн демине кирген".