Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти

ӨКМ кызматкерлери баргыча жергиликтүү тургундар кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда көлгө чөккөн 10 жаштагы кызын куткарам деген 42 жаштагы киши кошо каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя Түп районунун Балбай айылында болгон.
Жергиликтүү тургундар куткаруучулар жеткенге чейин кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.