Марипов: эгер эртең суу дыйкандарга жетпесе аткаминерлерге катуу чара көрөбүз

Марипов донордук уюмдар менен биргеликте Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Эгер эртеңден тарта сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.
1 / 4
Эгер эртеңден тарта сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди
2 / 4
Ал Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышкан
3 / 4
Фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга байланыштуу жана ирригациялык объектилер боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулаган
4 / 4
Андан соң өкмөт башчы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыккан. Ага трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынат, бул иш аткарылса 40-50 гектар жерди сугарууга шарт түзүлөрү айтылат.
Ал Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышкан. Фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга байланыштуу жана ирригациялык объектилер боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулаган.
"Жаралган көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдаш үчүн атайын келдим. Сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам. Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана болуп жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт", — деди Марипов.
Пресс-борбор
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Андан соң өкмөт башчы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыккан. Ага трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынат, бул иш аткарылса 40-50 гектар жерди сугарууга шарт түзүлөрү айтылат.
Соңунда Марипов донордук уюмдар менен биргеликте Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.