30 батир, 10дой унаа... УКМК Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисин кармады

Маалыматка караганда, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары А.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси А.Н. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 323-беренесиндеги ("Мыйзамсыз баюу") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
"А.Н. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзитин" уюштуруп, чоң суммадагы көмүскө киреше алып турган. Ал тапкан акчасын мыйзамдаштыруу үчүн 4,5 миллион долларга 30 "элиталык" батир, 1 миллион долларга 10дон ашык унаа алган", — дешти УКМКдан.
Маалыматка караганда, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары А.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.