Чүйдө кыргыз-түрк өнөр жай аймагын ачуу пландалып жатат

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, түрк ишкерлерин көбүнчө жеңил өнөр жай, айыл чарба, логистика, гидроэнергетика сыяктуу тармактар кызыктырат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында түркиялык ишкерлер менен биргеликте ири өнөр жай зонасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу кеп кылып жатып инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Өлкө башчынын маалымат кызматы министрдин сөзүнө таянып билдиргенине караганда, иш сапардын жыйынтыгында инвестиция жаатында беш келишимге кол коюлган.
"Түркиялык ишкерлер Кыргызстандын экономикасына инвестиция жасоого кызыкдар. Сүйлөшүүлөр учурунда Чүй облусунда Түркиядагы "Остим" өнөр жай зонасы сыяктуу ири системаны ишке киргизүүгө макулдаштык. Ал жерде 600дөн ашык компания жайгашкан. Бизде дагы ошол сыяктуу болот. Бул өндүрүүчүлөр үчүн да, экспортчулар үчүн дагы өтө ыңгайлуу. Бардыгын бир жерден тапса болот дегенди түшүндүрөт", — деди Шыкмаматов.
Министрдин айтымында, түркиялык ишкерлер биргелешкен долбоорлорго инвестиция салууга даяр экенин билдиришкен.
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
"Жакын арада Бишкекке бул өлкөдөн адистер келип, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын иликтеп көрүшөт. Бир айдын ичинде өз бүтүмдөрүн чыгарып, Түркиянын ишкерлерине маалымат беришет. Ошондон кийин гана алар өздөрүн кызыктырган тармакты каржылай баштайт", — деди Шыкмаматов.
Өкмөт мүчөсү кошумчалагандай, аларды көбүнчө жеңил өнөр жай, айыл чарба, логистика, гидроэнергетика сыяктуу тармактар кызыктырат.