Айзаданын өлүмү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Себеби

Соттук отурумга онлайн-форматта катышуу үчүн шектүүлөр киргизилген атайын бөлмөнү колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандыктан жыйын жылдырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум 15-июнга жылдырылды. Бул тууралуу онлайн-жыйынга катышкан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Канатбекованын жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, отурумга онлайн-форматта катышуу үчүн шектүүлөр киргизилген атайын бөлмөнү колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандыктан жыйын жылды.
"Айыпкерлер сотко ойлайн-форматта катышуу үчүн техника менен жабдылган атайын бөлмөгө киргизилет. Аны колдонуу убактысы аяктап, кезек күткөндөр көп болгондуктан отурум жылдырылды", — деди Токтакунов.
Ошондой эле жактоочу бүгүн шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү тергөө учурундагыга караганда өзгөрүп калганын айтты.
Айзаданы ала качууга шектелгендердин бири окуяга кокусунан кабылганын айтты
"Бардыгы классикалык сценарий менен бара жатат. Анткени бир нече киши айыпкер катары каралганда бирөө күнөөнү мойнуна алып, башкалардын тиешеси жок экенине ишендирүүгө аракет кылышат. Айтор, карама-каршылыктар бар. Сот өзүнүн баасын берет деп ойлойм", — деди ал.
Кийинки отурум 15-июнь күнү саат 9:00дө башталмакчы.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.