Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат

Киносынак 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Испаниядагы Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.
Иш-чара 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда Сүйүндүковдун киносу толук метраждуу тасмалар бөлүгүндө ат салышат.
Радио
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам
Imagine India фестивалы Индия субконтиненти менен Азия, Испания менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Ар жылы улам бир мамлекетте өтүп турат.
Артыкбай Сүйүндүковдун толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
"Шамбала" тасмасы быйыл 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон.