"Кыргыз Флойду" Самат кезектеги атаандашы менен жолукту

Беттештин өтө турган так күнү азырынча айтыла элек. Уюштуруучулар жыйын куруп, атаандаштар аныкталганын жар салды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахмановдун мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмундагы кезектеги атаандашы россиялык Гор Туманян болду. Спортчулар промоушендин кезектеги жыйынында кезиккенин уюм YouTube-каналына жарыялады.
Алар мелдештин экинчи сезонунда 8/1 финалдагы биринчи атаандаш жуптар болду.
Беттештин так күнү азырынча айтыла элек. Уюштуруучулар жыйын куруп, атаандаштар аныкталганын жар салып, аларды жолуктурду. Мушкерлер өз артыкчылыктарын айтып, таймашка даяр экендиктерин белгилешти.
Абдырахманов мелдештин буга чейинки баскычтарында адегенде башкыртстандык Вячеслав Орловду, андан соң россиялык Анатолий Скрыпникти бир сокку менен сулата чаап уткан.
Ыкчам кыймылы, күтүүсүз жана чагылгандай тез соккулары үчүн кыргыз мушкерин лиганын алып баруучулары "Кыргыз Флойду" деп атап коюшкан.
Hardcore Fighting Championship уюмунун экинчи сезонунда ар кайсы салмак категориялары боюнча тандалма мелдештер өтөт. Финалга чыккандар Гран-при үчүн ат салышат. Биринчи орунду алган спортчуга BMW автоунаасы, экинчиге бир миллион рубль, үчүнчүгө 500 миң рубль берилет.