Жуктургандардын саны 500дөн ашты, 81 кишинин абалы өтө оор. COVID статистикасы

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 109 193кө жетти. Анын ичинен 102 018 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 526 кишиден табылып, 303 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 109 193кө жетти. Анын ичинен 102 018 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирустан жети адам көз жумган. Алардын ичинен алтоо Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 876 киши каза тапты.
Учурда ооруканаларда 1 921, үйдө 2 323 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 568 кишинин абалы оор, 81 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.