Дарбазага чабуулчу турат. Мьянмага каршы чыкчу КР футболчулары

Негизги курамга караганда башкы машыктыруучу Крестинин бүгүнкү беттеште төрт коргоочу, үч жарым коргоочу чыгарып, үч чабуулчуну киргизет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы бүгүн Мьянма менен беттешке чыга турган курамды жарыялады. Бул боюнча Кыргызстандын футболдук союзунун социалдык тармактагы баракчасына чыкты. 
Голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов тосот. Мурдагы оюнда дарбазага турган Айзар Акматов бүгүн борбордук коргоочу болот. Кызыктуу жагдай, эзелтен жарым коргоочу болуп келген Бахтияр Дүйшөбеков ага көмөк көрсөтөт. Чабуулчу Турсунали Рустамов сол капталдагы коргоочу болсо, оң тарапты Александр Мищенко коргойт.
Кыргызстан бул беттеште төрт-үч-үч схемасы менен чыгат, башкача айтканда, төрт коргоочу, үч жарым коргоочу жана үч чабуулчу болот.

Улуттук курамда оюнчулар жетишпеген көйгөй жаралды

Кыргызстан — Мьянма беттеши. Тексттик трансляция

Эске салсак, улуттук команда 7-июнда 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган. Тандоо этабынын калган оюндары ушул күндөрү борборлоштурулган форматта Япониянын Осака шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип Монголия менен беттешке киргизилген эмес. Дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган. КФС белгилегендей, кыргызстандык айрым футболчулар оюндан четтетилгени беттешке эки саат калганда эскертилген.
Маалым болгондой, коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев бүгүн, 11-июнда, Мьянма менен беттеште да оюнга чыгышпайт. Откеев COVID жуктурган деп шектелгендиктен "кызыл" зонага, ал эми калгандар "сары" зонага алынган. Мындан сырткары, коргоочулар Тамерлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу ашыкча эскертүү алганы үчүн оюнга катыша албай калды.