Радио

Абдырасулова: электр энергиясын туура колдонгонду билбейбиз

Электр энергиясы боюнча эксперт Нурзат Абдырасулова калкка электр энергиясын үнөмдүү колдонуу маданиятын жайылтуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 50 пайызы күнүмдүк турмушка колдонулат. Ошол 50 пайыздын 70 пайызын биз турак жайларды жылытуу үчүн коротобуз. Бул абдан чоң көлөмдөгү энергия талаага кетип жатат дегенди түшүндүрөт. Мындай пикирин Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 90 пайызы ГЭСтерден алынат.
"Биз дээрлик ГЭСтер аркылуу электр энергиясын алып, колдонобуз. Бул экологиялык жактан таза өндүрүм болуп эсептелет. Бирок табияттын мыйзамдары менен суу азайып, ал эми колдонуучулар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ЖЭБдер көмүр жагып электр энергиясын жаратууну мерчемдеп жатышат. Мындай кадамдар ошол жергиликтүү тургундардын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизет. Андыктан биз учурда биринчи кезекте электр энергиясын үнөмдүү колдонгонду элге жеткиришибиз керек. Ал үчүн атайын ылайыкташкан приборлорду сатып алуу, үйдү кышкыга туура жылуулоо маданиятын үйрөтүшүбүз шарт. Бул кайра келип эле калкты жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшүнөн сактайт", — деди Абдырасулова.
Эксперт чакан ГЭСтерди куруу, шамалдан, күндөн электр кубатын алуу сыяктуу башка жолдорун да колго алуу зарылдыгын окшумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: