Дарыгер улгайгандар кантип туура эмделиши керектигин айтты

Эгерде эмдөөдөн кийин адамдын дене табы көтөрүлбөсө, анда вакцинанын натыйжасы болгон жок деп эсептелинет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык педиатр-дарыгер, инфекционист жана вакцинолог Евгений Тимаков жашы улгайган адамдар эмдөөнү кандай алышы керектигин "Известия" маалымат булагына айтып берди.
Анын белгилешинче, адам жашы өткөн сайын организми эмдөөгө карата иммунитет иштеп чыгуусу кыйындап, вакцина натыйжа бербей калышы мүмкүн.
Аймактарга коронавируска каршы вакцина жетпей жатат. Себеби
Жашы өткөн адамдарды эмдөөнүн алдында алардын абалын, өнөкөт ооруларды, организмде пайда болушу мүмкүн делген онкологиялык жана аутоиммундук процесстерди текшерип көрүү керек.
Карылар байкалбаган процесстердин алдын алуу үчүн анализ тапшырышы зарыл. Бейтапканаларда алар башкалардан алыс болуп, эмдөө ачык, абасы таза имаратта жасалганы ылайык.
Ийне сайдыргандан кийин антителого текшерилүү сунушталат.
Температурасы көтөрүлгөн учур көбүнчө жаштарда кездешет, дене табынын жогорулашы иммунитет калыптанып, вакцина иштеп жаткандыгын билдирет. Тимаков белгилегендей, эгер реакция жок болсо, анда эмдөө таасир этпеген болот же натыйжасы жок деп эсептелинет.