Пресс-борбор

Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн

Ассоциация өкүлү айрым аймактарда кырдаал жан кейитерлик экенин айтып, кээ бир сугат жерлер куурап калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Эгер азыр Чүй облусундагы жерлерди сугаруу маселеси чечилбесе, күз-кыш мезгилинде азык-түлүктүн баасы кымбаттайт. Бул туурасында мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. 
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев
Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкстын айтымында, быйыл Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу чөптүн жана дан эгиндеринин баасы эки эсе кымбаттаган. 
Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс
"Өткөн жылы ушул маалда бир түк чөп 130-140 сом болсо, азыр 230 сомго жетти. Бүгүнкү күндө арпа 20-21 сом болуп жатат, былтыр 10-11 сомдон сатканбыз. Баалар тынымсыз өсүүдө. Ун комбинаттары буудайды 22-23 сомдон алууда, өткөн жылы 14 сом эле", — деди Какштыкс.
Ассоциация өкүлү кээ бир аймактарда кырдаал жан кейитерлик экенин айтып, суу жоктугунан сугат жерлер куурап калганын белгиледи.
Пресс-борбор
Чүйдөгү фермерлер сугат суу маселеси кыйын болуп жатканын айтышты
Ал эми Токтогазиев жемдин кымбатташы жумуртка, сүт, эт жана башка азыктардын баасынын жогорулашына катуу таасир этерин эскертет.
"Маселе аябай маанилүү, бул биринчи кезектеги приоритет болуп каралышы керек. Мамлекеттик органдарды реформалоо, түзүмдөрүн өзгөртүү менен эртең элди бага абайсың", — деди Токтогазиев.
Буга чейин Sputnik Кыргызстанга Чүй облусунун фермерлери суу тартыштыгынын кесепетинен 100 миң гектар жердеги эгиндин алты миң гектары куурап калганын билдирген.