Пресс-борбор

Министрлик: быйыл Кыргызстанда түшүмдүүлүк аз болору күтүлүүдө

Министрдин орун басары ведомство кургакчылыктын кесепетин жеңилдетүү үчүн аракеттерди көрүп, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу түшүмдүүлүк дагы төмөн болору күтүлүп жатат. Бул туурасында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"Бүткүл дүйнөдө кургакчылык күч алууда. ЖМКлар тоют жетишсиз болуп, жан-жаныбарлар өлүп жатканын жазууда. Биз чара көрүүгө аракет кылып жатабыз. Коңшулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жакын арада Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна шекер жана суу май келери күтүлүүдө. Мамлекеттик резерв фондуна Казакстандан ун жеткирилди. Мындан тышкары, бизге Канаттуулар чарбасы ассоциациясынан жем тартыштыгы боюнча кайрылып жатышат. Жакынкы күндөрү бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн 4 миң тоннадан ашык тоют брондойбуз", — деди адис.
Марсбек уулунун айтымында, министрлик фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге берүүдөгү ставкаларды 4,5 пайызга чейин түшүрүү (мурда 7 пайыз болгон — ред.) боюнча өкмөт жана банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Пресс-борбор
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Министрдин орун басары ведомство кургакчылыктын кесепетин жеңилдетүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
"Тилекке каршы, оор учурду башыбыздан кечирип жатабыз. Кургакчылык акыркы 10 жылдыктагы эң жогорку чегине жетти", — деди ал.
Буга чейин Чүй облусундагы фермерлер сугат суу маселеси кыйын болуп жатканын айтышкан.