Бишкектин таштанды жайын рекультивациялоо иши кайра токтоп калды

Подрядчылар жана эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS фирмасынын өкүлдөрү ишин улантуу үчүн 18-майда борбор калаага келишкен. Бирок иш башталып-башталбай жатып токтоп калганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык таштанды жайын рекультивациялоо иши токтоп, эстониялык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
"Жаңы полигондун курулушуна 7,5 миллион евро, кийин дагы 1,5 миллион евро бөлүнмөк. Келишимге ылайык, биз эстониялык кесиптештерге таштандынын бардыгы рекультивация болгондон кийин каражатын төлөп беришибиз керек болчу. Бирок подрядчылар инфляция болуп күтүлбөгөн чыгымдар көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча дагы 1 миллион 300 евро төлөп берүүнү суранышты", — деди Назаров.
Ал бул сумманы суроого негиз жок экенин белгиледи.
Бишкекте таштанды сорттоочу долбоор ишке кирди. Сүрөт
"Келишимде жалпы жонунан 9 миллион евро белгиленген. Анын ичинде салык менен киреше дагы бар. Подрядчы компания күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши мүмкүн экенин эске алышы керек болчу. Мындан улам каражатты 1 миллион 300 миң еврого көбөйтүүнү негизсиз деп эсептейбиз", — деди ал.
Полигондун директору эстониялык компаниянын аткарган иши үчүн каражатты көбөйтүү маселеси боюнча даттануу үчүн юристтер чакырылганын кошумчалады.
Үч күн мурда эле Бишкек мэриясы таштанды полигонун рекультивациялоо 14 айдан кийин жанданганын маалымдап, келишимди 17 айга чейин узартуу күтүлүп жатканы айтылган.