БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президенттер Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн ачышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Көргөзмө Түркия президентинин администрациясынын колдоосу менен Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган.
"Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт.