Жапаров Анкарадагы мекендештер менен жолугушту. Көтөрүлгөн маселелер 

Жолугушууда мекендештер миграциялык саясат, жумушка орношуу, виза режимин жөнөкөйлөтүү, жарандык алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квота берүү маселелерине кызыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди
2 / 4
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген
3 / 4
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берген
4 / 4
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген.
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берген. Алар:
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
"Урматтуу кыргызстандыктар, бизге тынчтык керек. Кыргызстан — укуктук мамлекет. Өлкө эл аралык бардык келишимдерди карманат жана аны мындан ары да улантат. Бир тууган Түркия бизге түрк тилдүү өлкө катары жакшы мамиле жасап, Баткен аймагындагы талкаланган имараттарды курууга жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп жаткандыгын баса белгилегим келет", —деди  Жапаров.
Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды жөнүндө сурады
Президент мекендештерге чың ден соолук, өсүп-өнүгүү, үйүнөн алыс жүргөн ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө бакубатчылык каалады. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, мекендештер миграциялык саясат, жумушка орношуу, виза режимин жөнөкөйлөтүү, жарандык алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квота берүү маселелерине кызыгышкан.