Токмок шаарынын милициясы 15 жаштагы Сезимди издеп жатат

Кыз ушул жылдын 31-майында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келе элек. Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Чүйдүн Токмок шаардык милициясы дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Сезим Сталбековага издөө салат. Маалыматка ылайык, ал Токмок шааарындагы Трясин көчөсүндөгү даректен ушул жылдын 31-майында чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.
Чүйдүн Токмок шаардык милициясы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Сезим Сталбековага издөө салат
Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, арыкчырай келген, көзү күрөң, чачы узун, күрөң сымал түстө. Маңдай жагындагы чачы сарыга боёлгон.
Кара түстөгү футболка, саргыч түстөгү жинсы шым, ак-кара кроссовка кийип жүргөн.
Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85, Токмок шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753 (издөө тобу).