Радио

Кадыркулов: "Русский мир" фестивалына 12 улакчы барат

"Көк бөрү" федерациясынын жетекчиси Искендер Кадыркулов Россияда өтүүчү "Русский мир" фестивалында Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кубокто көк бөрү ойнотуларын айтты.
Sputnik
Анын айтымында, турнир 13-июнда Россия Федерациясынын Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында өтөт.
"Россия өкмөтү этномаданият, анын ичинде улуттук спорт түрлөрүнө жакшы көңүл буруп келүүдө. Мунун далили катары ушул тармакты колдоого 5 миллиард рубль бөлүнгөнүн айтсак болот. "Русский мир" фестивалына биз 2019-жылы да катышып, биринчи орунду алганбыз. 2020-жылы пандемияга байланыштуу өткөрүлбөй калган. Аталган фестивалды Россиянын улуттар ассамблеясы уюштуруп келет. Бул ирет биз жөн гана оюнчу катары катышпастан, мастер-класс өтүп келүү сунушун алдык. Кыргызстандан 12 улакчы, андан сырткары, тренер, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү барары күтүлүүдө. Жогорку лиганын алты командасынан бирден бала тандап алынды", — деди Кадыркулов.
Ал Кыргызстандын командасы 12-июнда Россияга чыгып кетерин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: