Канттагы базанын аскерлери абалы оор бейтаптар үчүн кан тапшырышты

Республикалык кан борборунун кызматкерлеринин айтымында, коронавирустан улам кан тапшыргандардын саны азайып кеткен. Ал эми канга муктаждык күч.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. ЖККУнун Кант шаарындагы авиабазасынын аскерлери Кыргызстандагы ооруканаларга 20 литр кан тапшырышты. Бул тууралуу аталган базанын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
ЖККУнун Кант шаарындагы авиабазасынын аскерлери Кыргызстандагы ооруканаларга 20 литр кан тапшырышты
2 / 3
Донорлордун эл аралык күнүн утурлай базанын аскерлери Бишкектеги медициналык жайлардын суранычын аткарып, абалы оор бейтаптар үчүн кан беришкен
3 / 3
Республикалык кан борборунун кызматкерлеринин айтымында, коронавирустан улам кан тапшыргандардын саны азайып кеткен.
Ага ылайык, Донорлордун эл аралык күнүн утурлай базанын аскерлери Бишкектеги медициналык жайлардын суранычын аткарып, абалы оор бейтаптар үчүн кан беришкен.
"Кан тапшырар алдында аскерлердин баары медициналык текшерүүдөн өтүп, тамактануу режимин сакташкан. Республикалык кан борборунун кызматкерлеринин айтымында, коронавирустан улам кан тапшыргандардын саны азайып кеткен. Ал эми канга ушу тапта муктаждык күч. Аскердик базанын өкүлдөрү донорлор акциясына дайыма катышып турат", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, ЖККУнун Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылдын 23-октябрынан бери иштеп келе жатат.