Жубайы менен барган биринчи өлкө. Жапаровдун Түркиядагы сапарынан сүрөттөр

9-июль күнү президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркияга барды. Кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, биргеликте маалымат жыйын өткөрүштү.
Sputnik
Бир кол чатыр астындагы Жапаров менен Эрдоган. Түркиядагы видео
Жолугушуулар кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн көрө аласыздар.
1 / 20
Президент Анкарага биринчи канайым Айгүл Жапарова менен барды
2 / 20
Аэропорттон маданият министри менен ардак кароол тосуп алды
3 / 20
Садыр Жапаров Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду
4 / 20
Жапаровдун жубайы жана делегациянын мүчөлөрү
5 / 20
Мустафа Кемал Ататүрктүн образы
6 / 20
Бул Садыр Жапаровдун Түркияга Кыргызстандын президенти катары биринчи сапары
7 / 20
Жапаров Эрдоган менен расмий жолугушуу аземине келгенде
8 / 20
Эрдоган кыргызстандык кесиптешин тосуп алууда
9 / 20
Президенттер коронавирус пандемиясынын эрежесин сактап учурашышты
10 / 20
Ардак кароол жана соот кийимчен жоокерлер
11 / 20
Бир кол чатырды кармаган президенттер
12 / 20
Илгери түрк аскерлери да ушундай болгон
13 / 20
Эрдоган Жапаровду кол алдындагылары менен тааныштырууда
14 / 20
Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолугушканда
15 / 20
Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин бешинчи жыйыны өтүп, эки өлкөнүн президенттери катышты
16 / 20
Президенттер эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда
17 / 20
Иш-чараны көптөгөн журналисттер чагылдырды
18 / 20
Президенттер биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийин кол алышты
19 / 20
Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курушту
20 / 20
Мамлекет башчылар жолугушуу аяктагандан кийин