Милициянын "Шумкары" Өзбекстандагы чемпионаттардан үч медаль алып келди. Сүрөт

Ташкентте спорттун эки түрү боюнча ар башка чемпионат өттү. Байгелүү орундарды камсыз кылгандарга "Шумкардын" командири Аскат Султаналиев акчалай сыйлык тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өзбекстанда өткөн самбо боюнча мелдеште Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери үч медалга татыды. Бул тууралуу аталган полктун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Өзбекстанда өткөн самбо боюнча мелдеште Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери үч медалга татыды
2 / 3
Ташкент шаарында 3-10-июнь күндөрү самбо боюнча Азия чемпионаты жана кармашып урушуу (рукопашный бой) боюнча дүйнө чемпионаты болгон
3 / 3
Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге "Шумкардын" командири, милициянын полковниги Аскат Султаналиев акчалай сыйлык тапшырып, ийгилик каалаган.
Ташкент шаарында 3-10-июнь күндөрү самбо боюнча Азия чемпионаты жана кармашып урушуу (рукопашный бой) боюнча дүйнө чемпионаты болгон.
Боксчулар Азия чемпионатынан төрт коло медаль менен кайтты. Сүрөт
Самбо беттешинде милициянын старшинасы Нурисбек Бекбердиев 88 килограмм салмактагылар арасында күмүш медаль, ал эми улук сержант Бекболсун Керимбеков 98 килограмм категорияда коло байге алган.
Кармашып урушуу боюнча турнирде полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын командиринин орун басары, милициянын майору Алмаз Жолбунов 90 килограмм салмактагылар ичинде үчүнчү орунга ээ болгон.
Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге "Шумкардын" командири, милициянын полковниги Аскат Султаналиев акчалай сыйлык тапшырып, ийгилик каалаган.