Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда

Мыйзам долбоорунда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Учурда мас абалында автоунаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
Парламенттин жыйынында депутат Айбек Осмонов ИИМден алган маалыматы боюнча 2004-2014-жылдары 10 миңге чукул адам жол кырсыгынан көз жумса, алардын көпчүлүгүндө айдоочу мас абалында болгонун айтты.
"Мас болуп рулга отургандардын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгарыш керек же 150 миң сом айып салынсын. Ошону мыйзам долбооруна киргизгиле. Бизден башка Казакстанда, Россияда дароо жокко чыгарат", — деди Осмонов.
Буга жооп катары Саркулов азыркы тапта Башкы прокуратуранын жетекчилигинде жаңы мыйзам даярдалып жатканын, анда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталганын айтты.
Аталган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгиленди.