БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти чет элдик жарандар, туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүнүн алгоритми иштелип чыкканын билдирди.
Алгоритм чек арадан өткөн жана ички аба каттамдар менен жүргөн кыргызстандыктарга, чет өлкөлүктөргө (анын ичинде туристтер) жана жарандыгы жокторго тиешелүү экени айтылды.
"Кыргызстандын аймагына кире турчу адамдын жанында коронвируска тапшырган ПЦР-тестинин терс жыйынтыгы болушу керек. Анын мөөнөтү анализ берген күндөн баштап 72 сааттан ашпашы зарыл. Же болбосо коронавируска каршы вакцина жасаткандыгы боюнча документ (ал кагаз же электрондук түрдө болот) керектелет", — деп жазылат маалыматта.
5 жаштан өткөн балдардын ата-энеси алардын коронавируска каршы вакцина алгандыгы боюнча документин алып алышы керектиги кошумчаланды.
Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамдары аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болору белгиленди.