Кыргызстандык ММА мушкери Сатыбалдиев бразилиялык спортчу менен беттешет

Ал бразилиялык мушкер Виктор Нуньес менен беттешет. Таймаш Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Азиз Сатыбалдиев UAE Warriors уюмунда беттешке чыгат. Маалыматты менеджери Асан Султанов тастыктады.
UFC Вегас 28 турнириндеги кызыктуу кармаштардын видеосу
Кыргызстандык атлет ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 16сын уткан. Ал эми атаандашы 10 беттештин алтоосун утуп, төртөөндө жеңилген.
Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен 2020-жылы келишим түзгөн. Аталган уюмдун алкагында азыркыга чейин бир да жолу беттешке чыга элек.