Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды

Алимжанов окурмандарды, айрыкча жаш муунду кызыктыруу үчүн үч томдук эпосту бир версияга бириктирип казак тилинде китеп чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановдун казак тилинде жазган "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторунун бириктирилген китеби чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
1 / 4
Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановдун казак тилинде жазган "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторунун бириктирилген китеби чыкты
2 / 4
Маалыматка караганда, китептин бет ачары 9-июнь күнү Нур-Султан шаарындагы Улуттук академиялык китепканасында өткөн
3 / 4
Казак манасчысы Алимжанов 2020-жылы "Манас" эпосун казакчага которуп сунуштаган
4 / 4
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырган
Маалыматка караганда, китептин бет ачары 9-июнь күнү Нур-Султан шаарындагы Улуттук академиялык китепканасында өткөн.
"Алимжанов китептин мазмуну окурмандарга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн үч томдук "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторун бир версияга бириктирген", — деп айтылат маалыматта.
Казак манасчысы Алимжанов 2020-жылы "Манас" эпосун казакчага которуп сунуштаган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырган.