Ошто июнь окуясында курман болгондорго куран окутулду

Маркумдардын жакындары Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" эстелигине гүлчамбар коюп, андан соң куран окушту.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ош шаарында июнь окуясында каза болгондор эскерилип, куран окутулду. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы жеринен билдирди.
1 / 5
Ош шаарында июнь окуясында каза болгондор эскерилип, куран окутулду. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы жеринен билдирди.
2 / 5
Иш-чарага маркумдардын жакындары катышты. Алар алгач Энелердин көз жашы эстелигине гүлчамбар коюп, куран окушту
3 / 5
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду. Расмий маалыматтар боюнча бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган.
4 / 5
57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
5 / 5
Расмий маалымат боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган.
Иш-чарага маркумдардын жакындары катышты. Алар алгач "Энелердин көз жашы" эстелигине гүлчамбар коюп, куран окушту.
УКМК 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштерин жаңылады
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду. Расмий маалыматтар боюнча, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.