Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу

Кетер алдында Жапаров менен Эрдоган президенттин Анкарадагы сарайынын панорамасында жылуу маанайда баарлашкан.
Sputnik
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандын башчысын узаткан видеосун жарыялады.
Жапаров Эрдоган экөө Анкарадагы Кыргызстанга арналган сүрөт көргөзмөсүн ачышты
Кетер алдында Садыр Жапаров Түркия президентин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
9-июнь күнү президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркияга барган. Анда тараптар бир катар документтерге кол коюп, иш-чараларга катышты.