COVID дээрлик 500 кишиден табылды. Түштүктө вирус жуктургандар көбөйүп жатат

Күн сайын берилип жаткан статистикага караганда, акыркы учурларда Ош менен Жалал-Абадда вирус жугузгандардын саны өсүүдө. Мисалы, бүгүн Ош облусу менен Ош шаарында 127 кишиден вирус табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 494 кишиден табылып, 351 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 869 киши каза тапты.
Учурда ооруканаларда – 1 893, үйдө 2 137 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 536 кишинин абалы оор, 101 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.