Парламенттеги мушташ. Боливиялык депутаттардын урушуп кеткен видеосу

Боливияда депутаттар жыйын учурунда массалык түрдө мушташып кетти. Уруш ИИМ жетекчиси эки жыл мурдагы мамлекеттик төңкөрүш боюнча айтып жатканда чыккан.
Sputnik
Парламентарийлердин бул кылыгын Pаgina Siete порталы өзүнүн YouТube каналына жүктөдү.
Портал министрдин билдирүүсү оппозициядагы депутаттардын кыжырын келтирип, бир даары аткаминердин позициясына макул эместигин айтып, кыйкырышкан. Нааразылык жараткан чиновникти "Социализмге карай" деп аталган бийликтин партиясы колдоп чыккан.
Зеленскийдин партиясындагы депутат экс-кесиптеши менен мушташта кетти. Видео
Алгач эки депутат жаакташа кетип, андан кийин мушташканга өткөн.
Кадрдан чапчылашкан парламентарийлердин полдо жатканын көрүүгө болот. Алардын арасында урушкандарды ажыратууга аракет кылгандар болгон. Акыры чыдабай кеттиби, айтор, ажыраткандардын катарында жүргөн Татьяна Аньес менен Мария Аланока аттуу депутаттар бири-бирин чачтан алганы видеого түшүп калган.
Мындай окуядан кийин парламенттин жыйыны токтотулган.