Бишкекте шамал COVID боюнча кеңеш берген 118 номерин иштен чыгарып салды

118 номери иштебей калганы менен коронавирустун белгилери байкалып кеңешке муктаж болгон жарандардын чалууларын ӨКМдин 112 номери убактылуу кабыл алып турмай болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте болгон катуу шамалдан улам телефон линиялары үзүлүп, коронавирус боюнча консультация берген 118 Call-борбору иштебей калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда борбор оңдолуп жатат. Call-борбор чалууларды ӨКМдин 112 номери аркылуу убактылуу кабыл алып турмай болду.
"Ооруп калганын байкагандар дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, кеңеш алуу менен илдет күчөп кете электе дарыланганы оң. Биздин нөөмөттө турган дарыгерлер сиздерге жардам берүүгө ар дайым даяр", — дешти мэриядан.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун номерлери: