Итти бакса болот, кушту бакса болот, бирок баланы тарбиялоо зарыл. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү үй-бүлө институтунун начар акыбалга келип жетишине экономикалык жетишпестиктерден сырткары көз караштардын өзгөрүүсү да себеп болууда.
"Үй-бүлө институтунун бекем сакталбай, жылдан-жылга ажырашуулардын, атасыз төрөлүп, чоңоюп жаткан балдардын көбөйүшүнө бир нече себеп бар. Бирок алардын негизгиси экономикалык тартыштык эмес. Үй-бүлө эки адамдын жасаган аракети менен түзүлгөн союз болгондуктан жубайлардын ар бири өз жоопкерчилигин сезип жана бири-бирине ийкемдүү болуп, биринчи кечирим суроого ашыгып турган жерде гана ынтымак, ырыс орнойт. Эгер жеке кызыкчылыктарын алдыга коюп же милдеттерин так аткарбаса, анда мындай үй-бүлөдө биримдик болбойт, аягы келип, тилекке каршы, ажырашуулар менен бүтөт. Жумушсуздук, миграциянын күчөшү жана башка маселелер мына ушул жоопкерчилик жана ийкемдүүлүктөн кийинки турган көйгөйлөр", — деди Кадырбеков.
Ал мамлекет тарабынан да белгилүү бир деңгээлде үй-бүлө институтун бекемдөөчү программалар ишке ашырылышы зарылдыгын кошумчалады.