БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open рейтингдик турниринин финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова чейрек финалдан баштап күрөшүп, россиялык Любовь Овчарова менен кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөртө алды. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Беттештин видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде утту. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.
2021-жылдагы Poland Open турниринин алтын байгеси үчүн канадалык Ана Паула Годинез Гонсалес менен таймашат.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону уткан.
Дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда эстониялык Эпп Мэйге жеңишти алдырып койду. Эми коло байге үчүн Лондон Олимпиадасынын чемпиону, россиялык балбан Наталья Воробьева менен кармашат.
Мелдеш ушул күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат. Эртең Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгышат.