Таңгакталган доллар, баңгизат, курал. УКМК Баткенде депутатты кармады. Сүрөт

Жергиликтүү кеңештин депутаты Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан маршруту боюнча баңги каналын уюштуруп алганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин О.М.Б. аттуу депутаты баңгизаттарды Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин О.М.Б. аттуу депутаты баңгизаттарды Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды
2 / 5
Депутат 7-июнда Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операцияда баңгизаттардын кезектеги партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган
3 / 5
Анын жашаган жерин тинтүүдө 9 килограммдан ашык чийки апийим, төрт килограмм нашаа, 37,5 килограмм кара куурай, ошондой эле уруксат кагазы жок бир курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды
4 / 5
Айылдык кеңештин депутатынан тышкары дагы эки адам Баткен шаарынын ички ичтер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген
5 / 5
Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен баңги каналдын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.
Депутат 7-июнда Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операцияда баңгизаттардын кезектеги партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
"Анын жашаган жерин тинтүүдө 9 килограммдан ашык чийки апийим, төрт килограмм нашаа, 37,5 килограмм кара куурай, ошондой эле уруксат кагазы жок бир курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды", — деп айтылат маалыматта.
Айылдык кеңештин депутатынан тышкары дагы эки адам Баткен шаарынын ички ичтер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен баңги каналдын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.