Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти. Катышчу иш-чаралардын тизмеси

Расмий иш сапардын алкагында Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнь күнү, Түркияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Түркиянын Борбор Азиядагы чыныгы ролу кандай. Эксперттердин пикири
Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Мындан сырткары, Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.
Расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушары белгилүү болду.