Мунай сатуу тартибин бузган май куюучу 5 жайга айып салынды

Салык кызматы май куюучу жайларда жеке ишкерге мунай затты сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12,5 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда мунай затын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн май куюучу беш жайга жалпы суммасы 175 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, аталган кызмат контролдук текшерүү ишин жүргүзүп, анда бир катар май куюучу жайлар (Red Petroleum, Газпром Нефть Азия, Партнер Нефть, Роснефть, Тренд Ойл) сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн режиминде Салык кызматына бербегендиги аныкталган.
"Белгилей кетсек, май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап "СМАРТ салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш. Ошондой эле бул маалыматтарды Салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы май куюучу жайларда жеке ишкерге мунай затты сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12,5 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертти.