БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кумтөр кенин иштетүү боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага кылмышка шектелип жатканы боюнча билдирүү жиберилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Бирок Молдошеванын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алынганы айтылат.
Молдошева учурда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы. 2007-жылдан тарта Жогорку Кеңештин депутаты, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.
Эске сала кетсек, бүгүн УКМК Кумтөр ишинин алкагында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-вице-премьер Алмазбек Баатырбековду Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде кармап, камакка алды.
Буга чейин Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.